Алматыга «согушкерлер» кайсы өлкөлөрдөн барганы айтылды

Казакстандын “Акикат” коомдук комиссиясы январь айында Алматыга согушкерлер кайсы мамлекеттерден келгенин атады.

Бул тууралуу Казакстандын КТК телеканалы билдирди.

Белгилүү казак юристи Айман Умарова террорчулар келген конкреттүү өлкөлөрдү атады. Анын айтымында, алардын арасында Кытайдан, Өзбекстандан жана Сауд Арабиядан келгендер  болгон.

“Акикат” коомдук комиссиясы январь окуясынан кийин Казакстандын көз карандысыз юристтери тарабынан түзүлгөн. Алар январь окуясы боюнча өздөрүнүн иликтөөсүн жүргүзүп жатышат.

Алардын маалыматы боюнча, учурда Алматыда эле массалык баш аламандыкка катышкан деп кармалган 308 адам камакта. Алардын көбү күнөөсүн мойнуна алышкан эмес, бирок дагы деле бошотула элек. Ошондой эле 1962 кылмыш иши козголгон, анын ичинде уурдоо, башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо фактылары катталган.

Эске салсак, Казакстанда 2-январда автоунаа газынын кымбатташына байланыштуу митингдер башталып, көп өтпөй өкмөт отставкага кеткен. Бирок нааразылык акциялары баш аламандыкка, андан соң талап-тоноочулукка айланып кеткен.

Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими киргизилип, президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен өлкөгө ЖККУнун бейпилдик күчтөрү кирген.

13-январда президент өлкөнүн көпчүлүк аймактарында антитеррордук операция аяктаганын жарыялаган. Башаламандыктарда 225 адам каза болгон.

Комментарий жиберүү