Алматыдагы башаламандыкта кыргыз жараны ок тийип каза болду

Алматыда орун алган башаламандыкта Кыргызстандын жараны каза болду.

Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тастыктады.

Элчинин айтымында, ал адам фитнес боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген.

“Анын өздүгүн кесиптештери жана достору тастыктады. Учурда Алматыдагы Башкы консулдук кырсыктын чоо-жайын тактоодо жана маркумдун жакындары менен байланышта болууда”, – деди Дюшекеев.

Социалдык тармактарда каза болгон адам Азиз Мусаев болгон деген маалыматтар жарыяланууда.

“Ал 6-январда Республика аянтынын жанында жашаган эжесинин үйүнө келе жатканда каза болгон. Анын жубайынын айтымында, Азиз саат 22.30да Cofferoomдун жанында жарадар болгон чалга жардам берип жаткан убакта, ага ок тийген. Ошондой эле өтүп бара жаткан дагы бир адам жаракат алган”, – деп айтылат маалыматта.

Комментарий жиберүү