Алматынын райондорунун биринде антитеррордук операция режими киргизилди

Бүгүн, 26-январда Алматынын райондорунун биринде антитеррордук операция режими киргизилип, азыркы учурга чейин мамлекеттик органдарга кол салуулардын беш катышуучусу кармалды.

Бул тууралуу шаардын терроризмге каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабы билдирди. “Терроризмге каршы күрөшүү боюнча шаардык оперативдүү штаб 26-январда саат 00:00дөн баштап 27-январь саат 00:00гө чейин Алматы шаарынын Түрксиб районунун аймагында антитеррордук операция режими киргизилгендигин билдирет. Антитеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө 4-6-январь аралыгында Алматыда мамлекеттик мекемелерди жана коммерциялык объектилерди карактоого катышкан уюшкан кылмыштуу топтун беш лидери жана мүчөлөрү кармалды”, – деп айтылат маалыматта.

Кармоо учурунда шектүүлөрдөн курал-жарактар: “ПМ” жана “ТТ” маркасындагы тапанчалар, патрондор, ошондой эле порошок түрүндөгү заттар жана спецификалык жыты бар таблеткалар алынган. Маалыматка ылайык, республикада атайын жана укук коргоо органдары баш аламандыктын катышуучуларын жана уюштуруучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Комментарий жиберүү