Аль-Акса мечитинде 100 миңдей палестиналыктар Айт намазын окушту

Сионисттик аскер күчтөрүнүн кысым көрсөтүүлөрүнө карабастан, 13-майда 100 миң палестиналык Орозо айт намазын Аль-Акса мечитинде окушту.

 “Кудс” ислам фонду бюросу сионисттик күчтөрдүн палестиналыктардын эркин жүрүм-турумуна кысым көрсөткөнүнө карабастан, 100 миндей палестиналыктар Аль-Акса мечитиндеги Орозо айт намазына кеңири катышкандыгын жарыялады. Аталган фонд билдиргендей, 13-майда өтө турган Айт намазга алгач сионисттер тоскоолдук жаратууга аракет жасашкан, бирок мусулмандардын чечкиндүүлүгү менен “Аль-Акса” мечитинин ичинде да, тышында да  Айт намазга келип кошулгандардын саны арбыды.

Эске салсак, акыркы мезгилдерде сионисттик күчтөрдүн палестиналыктарга жасаган чабуулу күч алып, “Аль-Акса” мечитинеккелип намаз окугандарга каршы ок чыгарылып, курмандыктардын саны көбөйгөн.

Комментарий жиберүү