“Аль-Каида» менен “Талибан” бирикти

“Аль-Каида” террордук уюмунун согушкерлери Панжшер провинциясын басып алууга аракет кылган талибдерге кошулушту.

“Аль-Каида” менен “Талибан” согушкерлеринин бириккени тууралуу Al Arabiya телеканалы билдирди.

Бул тууралуу Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлү: “Аль-Каиданын” согушкерлери Панжшерге кол салуу үчүн талибдерге кошулду”,- деди.
Эске салсак, өткөн аптада башталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн майнапсыздыгынын натыйжасында талиптер Панжшердеги каршылыктарга каршы аскердик операция баштаган.
Улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун өкүлү Фахим Дашти талиптер тынчтык жолу менен жөнгө салууга берилгендиктерин, бирок согуш баштоого да даяр экенин билдирген.

Комментарий жиберүү