Америкалыктар тышкы коркунучтарга караганда ички экстремизмден көбүрөөк тынчсызданышат.
Бул тууралуу Associated Press жана NORC Коомчулук менен байланыштар изилдөө борбору 11-сентябрдагы кол салуулардын 20 жылдыгына карата социалдык сурамжылоо уюштуруп аныкташты.
Белгилей кетсек, АКШ жарандарынын үчтөн бири гана Ооганстандагы жана Ирактагы согуштарды “туура” деп эсептешет.
Ал эми, тургундардын 65% ы ички экстремисттик топторго көбүрөөк тынчсызданышат.
Изилдөөгө ылайык, америкалыктардын көпчүлүгүн чет өлкөдөн келген коркунучтар эмес, ички экстремизм тынчсыздандырат.
Сурамжылоо көрсөткөндөй, респонденттердин 65%ы Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан экстремисттик топтордун коркунучу жөнүндө олуттуу тынчсызданышат.
Тагыраак айтканда, демократтар деп таанылган америкалыктар республикачыларга караганда ички коркунучтар жөнүндө көбүрөөк тынчсызданышат – 75%, каршы 57%.
AP жана NORC изилдөөсү ошондой эле америкалыктардын үчтөн бир бөлүгү Ооганстандагы жана Ирактагы согуштарды “татыктуу болгонун” моюнга аларын көрсөтүп турат.
Сурамжылоого катышкандардын 35%ы Ооганстандагы кампания зарыл экенин айтышкан, 34%ы Ирактагы согуш жөнүндө да ушинтип айтышкан. 62%ы Ооганстандагы согушка каршы, 63%ы Ирактагы согуштарга каршы пикирин билдиришти.
Эске салсак, Америка Кошмо Штаттары Ооганстанда согуштук аракеттерди 2001-жылдын октябрында баштап, 2021-жылдын августунда өлкөдөн аскерлер толук чыгарылганын жарыялаган.
Ирак 2003-жылы Багдадда массалык кыргын салуучу куралга ээ деген шылтоо менен АКШ тарабынан басып алынган. Натыйжада курал табылган жок. 2021-жылы июлда президент Жо Байдендин администрациясы Ирактагы согуштук аракеттердин токтотулганын жарыялаган.
Өткөн аптада Project Cost of War тарабынан жарыяланган отчетто Ооганстанда, Иракта жана башка жерлерде АКШ баштаган согуштук аракеттерде 1 миллионго жакын адам, анын ичинде кеминде 387,072 карапайым адам өлгөнү көрсөтүлгөн.
Согуштун баасы долбоорунун мурунку отчетунда АКШнын “террорго каршы согушунун” натыйжасында кеминде 37 млн. киши миграцияга кетүүгө аргасыз болгону белгиленген.