Америка Кошмо Штаттарында коронавирустун курмандыктарынын саны 400 миңден ашты

Дональд Трамптын АКШдагы төрт жылдык президенттик мөөнөтүнүн аяктоосу менен бирге бул өлкөдө KOVID 19 оорусунан жабыркагандардын саны 400 миңден ашты.
 Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШда бүгүн бийлик өткөрүү башталып, Дональд Трамп Ак үйдөн кетип жатат.
Ошону менен бирге АКШнын көптөгөн штаттарында коронавирус жайылып, ооруканаларга жаткандардын саны көбөйүүдө.
 “Жон Хопкинс” университетинин маалыматтары боюнча, өлкөдө коронавирус курмандыктарынын саны 400 миңден ашкан.
Белгилей кетсек, мындай көрсөткүч президенттин бул ооруну жөнөкөйлөтүп, эпидемияга каршы күрөшүүнүн илимий негиздерине шек келтиргенинин кесепетинен улам болгон.
Ал эми, бүгүн (20-январь, шаршемби күнү) өз милдетин аткарууга ант берген АКШнын келечектеги президенти Жо Байден бул пандемияга каршы күрөшүү үчүн эффективдүү чараларды көрүүнү убада кылды.
Эске салсак, Кошмо Штаттарда коронавирустан өлгөндөрдүн көрсөткүчү алдыңкы тизмекте жана дүйнө жүзү боюнча вирустук инфекциянын деңгээли жогору.
KOVID 19 дүйнө жүзү боюнча 96,1 млн. бейтаптын 24,2 миллиондон ашыгы АКШда экени тастыкталган.

Комментарий жиберүү