Арменияда 10 миң адам Н. Пашиняндын отставкасын талап кылууда

Ереванда миңдеген киши парламент менен ТИМ имаратын курчап алды.

Армениянын баш калаасы Ереван шаарында өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып жаткан 10 миңге жакын адам Улуттук жыйындын (парламент) имаратына кирүүгө аракет кылды.

“Азаттыктын” армян кызматы күбөлөргө таянып, чогулгандар парламент имаратын курчап турган полиция кызматкерлери менен кагылышканын кабарлады.

Андан соң акция катышуучулары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине барып, анын имаратын курчап алышты. Митинг катышуучуларынын бири имараттын ичине кирип, Тоолуу Карабактын желегин илип коюуга үлгүргөн. Көп өтпөй полиция кызматкерлери ал желекти алып, бир нече кишини кармап кетишти.

Армян оппозициясынын лидерлеринин бири Ишхан Сагательян акция катышуучуларын аянттан түнкүсүн да кетпөөгө, ТИМдин эшигин жаап алышса аны “талкалап кирүүгө” чакырды. “Тоолуу Карабактагы армяндардын укуктарын коргобой жаткан министрлердин баары тозокко түшсүн”, – деди ал.

Армениядагы нааразылыктардын башталганына эки апта болду. 2-майда акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду тосууга аракет кылып жатат. 2-3-майда жалпы 300дөй киши кармалып, бир бөлүгү кайра коё берилген.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин башталган. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды.

Эки өлкөнүн ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлүп, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Комментарий жиберүү