Армения-Азербайжан лидерлери 31-августта Брюсселде жолугушат

Брюсселде 31-августта Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жолугушат деп күтүлүүдө. Бул маалыматты Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы ырастаганын “Азаттыктын” армян кызматы жазды. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда “мурда талкууланган маселелер каралат” деген кыска гана маалымат берилди.

Мурдараак Азербайжандын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары да Пашинян менен Алиев жолуга турганын жазып чыгышкан.

Азербайжандын Тоолуу Карабак жикчил аймагында акыркы жолу 3-августта атышуу болуп, эки тараптан тең адамдар каза болгон. Бул үчүн расмий Баку менен Ереван бири-бирин айыптаган.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Комментарий жиберүү