Армения менен Азербайжан кайрадан бири-бирин чагымчылдыкка айыпташты

Армения менен Азербайжан бири-бирин чагымчылыкка айыптап, Тоолуу Карабах Республикасында аскердик абал киргизилди.

Армениянын Коргоо министрлиги 24-мартта Азербайжандын куралдуу күчтөрү Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти убактылуу жайгашкан Парух (Фарух) айылын басып алганын билдирди.

“Тоолуу Карабахтын коргонуу армиясынын бөлүктөрү өзүнө жүктөлгөн күжүрмөн тапшырмаларды аткарып, душманга каршы туруу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Карабахта жайгашкан Орусиянын тынчтык коргонуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн аракеттерине карабастан, кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Тилекке каршы, азырынча жыйынтык бере элек”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги 26-март күнү эртең менен “мыйзамсыз армян куралдуу топторунун мүчөлөрү тумандуу аба ырайынан жана көрүүнүн чектелгендигинен пайдаланып, азербайжан армиясынын бөлүктөрүнө каршы диверсия жасоого аракет кылышканын билдирди.

 “Тез аранын ичинде көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзамсыз армян куралдуу топторунун мүчөлөрү артка чегинүүгө аргасыз болушкан. Окуя тууралуу Орусиянын тынчтык орнотуу командачылыгына жана орус-түрк биргелешкен мониторинг борборуна маалымат берилди. Азербайжан армиясынын бөлүктөрүндө жоготуулар жок”, – деп айтылат Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Тоолуу Карабах аймагынын башчысы Арайик Арутюнян аскердик абалды киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Тоолуу Карабахтагы куралдуу кагылышуу 2020-жылдын сентябрь айынын аягында башталган. 2020-жылдын 10-ноябрында Азербайжан, Армения жана Орусиянын мамлекет башчылары үч тараптуу билдирүүгө кол койгондон кийин толук ок атышпоо жарыяланган. Бирок кез-кезде Азербайжан менен Армения чек арада атышуулар болгону жана Карабахта каза болгондор тууралуу кабарлап келишет.

Комментарий жиберүү