Ахмадинежад кайрадан Ирандын президенти болуп шайланабы?

Иран президенттигине талапкерлерди каттоонун 4-күнүндө 211 ирандык өз талапкерлигин койгон; алардын ичинде экс-президент Ахмадинежад дагы бар.

Ушул жылдын июнь айында өтө турган Ирандагы 13-президенттик шайлоолорго өз талапкерлигин коюга дагы көптөгөн саясий ишмерлер кайрылышууда.

Алардын арасында белгилүүлөрдөн Саид Мухаммад, Рустам Касеми, Али Мутахари, Махмуд Садеги, Мухаммад Аббаси, Мухсен Мехр Ализаде жана экс-президент Махмуд Ахмадинежад бар.

Ошондой эле Сот тутумунун жетекчиси Аятолла Раиси, Ислам Кеңеши парламентинин төрагасы Али Лариджани жана Али Акбар Салехи сыяктуу фигуралар да өз талапкерлигин каттатышты.

Белгилей кетсек, экс-президент Махмуд Ахмадинежад учурдагы Иран президенти Хасан Руханиден алды 2005-2013-жылдарга чейин өлкөнү башкарган.

Анын президент болуп шайлангандан кийинки жупуну жашоосу, Иран менен Араб өлкөлөрүнүн мамилелерин бекемдөөгө чакырып, АКШга каршы билдирүүлөрү, айрыкча Израилди ачык айыптоолору жана “Холокостту” жалгандоосу менен белгилүү болгон.

Эске салсак, талапкерлерди катоо 25-майга чейин уланмакчы.

Комментарий жиберүү