Ашраф Гани кечирилет, анын бир тууганы талибандарга кошулду

Ооганстандан качып кеткен президент Ашраф Ганинин бир тууганы Хашмат Гани Ахмадзай “Талибан” кыймылына кошулду.

 Бул тууралуу уюмдун Twitterдеги билдирүүсүндө айтылат.
Белгилей кетсек, 60 жаштагы Хашмат Гани 2002-жылдан бери “Кучи” (Ооганстандагы пуштундарга жакын этникалык топ) Улуу Кеңешинин төрагасы.
 Мындан тышкары, ал жеке жана мамлекеттик кардарларга коопсуздук кызматтарын көрсөтүп, ошондой эле импорт, экспорт, курулуш жана кыймылсыз мүлктү камтыган The Ghani Group компаниялардын конгломератын жетектейт.
РИА Новостинин маалыматы боюнча,The Ghani Groupтун штаб-квартирасы Кабулда жайгашкан жана анын филиалдарынын бири Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) эң чоң шаары Дубайда орун алган.
Эске салсак, 15 -августта “Талибандын” согушкерлери Кабулга кирип, Ооганстандын бүт аймагын басып алганын жана өлкөдө “согуштун аяктаганын” жарыялашкан.
Кырдаалга байланыштуу өлкөнүн президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен.
Ал эми, 23-августта талибандардын жогорку даражалуу аткаминери Халил ур-Рахман Хаккани Ашраф Ганинин өлкөгө кайтуусуна бардык шарттар бар экенин жана ага амнистия жарыяланаарын билдирген. Хаккани өз сөзүндө президент Ашраф Гани, вице -президент Амрулла Салех жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Хамдулла Мохибдин ортосунда талибандар үчүн “кастык жок” деди. «Биздин тарап генералдан [бизге каршы күрөшкөн] карапайым кишиге чейин баарын кечирет”,-деп баса белгиледи ал.
 Эске салсак, “Талибандын” өкүлдөрү жакында Ооганстанда Ислам Эмиратынын түзүлгөндүгүн жарыялай турганын билдиришкен.

Комментарий жиберүү