Аялдардын организми коронавируска каршы антителолорду эркектерге караганда көбүрөөк өндүрөт

Тель-Авив университетинин окумуштуулары коронавируска каршы антителолордун өндүрүшү куракка, COVID-19 оорулууларынын оордугуна жана эмдөөдөн кийинки убакытка жана  бейтаптын жынысына да байланыштуу аныкташты, деп жазды factstore порталы.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, аялдардын организми коронавируска каршы антителолорду эркектерге караганда көбүрөөк өндүрөт.
Антителолор Y түрүндөгү белоктор жана дененин иммундук системасынын эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Антителолордун өндүрүлүшү организмге инфекция киргенден кийин дароо башталат. Бул антителолор кийинчерээк организмге алгачкы инфекциядан кийин узак убакыт бою, ал тургай көп жылдар бою инфекцияга ийгиликтүү каршы турууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Израилдик окумуштуулар COVID-19га каршы антитело өндүрүшүнүн динамикасына кандай олуттуу таасирлер бар экенин билүүнү чечишти. Бул үчүн алар коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган адамдардан алынган 25 миң кан үлгүсүнө кылдат талдоо жүргүзүштү.
 Жыйынтыгында аялдар менен эркектерде антителолордун деңгээли ар кандай экени аныкталган. Коронавируска каршы антителолордун деңгээли 51 жаштан ашкан аялдарда ушул эле курактагы эркектерге караганда көбүрөөк катталган.
 Илимпоздор ошондой эле эркектерде антителолордун деңгээлинин жогорулашы болжол менен 35 жаштан башталаарын аныкташкан. Кыязы, антитело өндүрүшүндөгү айырмачылык тестостерон жана эстроген жана жыныстык гормондорунун деңгээлинин өзгөрүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, изилдөө учурунда окумуштуулар коронавирустук вакцинанын эки дозасын алгандар COVID-19ду өз алдынча жугузуп алгандардан төрт эсе күчтүү антитело жоопторун көрсөтүшкөнүн аныкташкан.

Комментарий жиберүү