Аятолла саид Али Хаменеи: Эгерде Америка Кошмо Штаттары бардык санкцияларды алып салса, анда биз өз милдеттенмелерибизге кайтып келебиз

Иран Ислам Ынкылабынын лидери армиянын аба күчтөрүнүн командирлери менен жолугушуп, сөз сүйлөдү.

Mehr News агенттигинин билдиргенине караганда, Ислам Ынкылабынын лидери Ирандын өз милдеттенмелерине кайтып келиши үчүн шартын баяндады.
 “Ирандын өзөктүк милдеттенмелерине кайтып келиши үчүн шарты бар; АКШ бардык санкцияларды сөз жүзүндө же кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө алып салганда гана Иран да өз милдеттенмелерине кайтып келет”,- деп билдирди Аятолла Хаменеи.
“Америкалыктар жана европалыктар эч нерсени талап кылууга укугу жок, анткени алар өз милдеттенмелерин жана убадаларын бузушкан. Ал эми бул ортодо талаптарды коюуга укуктуу тарап – Иран Ислам Республикасы, анткени ал өз милдеттенмелерин аткарды.”
Революциянын Жогорку Лидери ошол эле учурда: “Иран өз милдеттенмелерине Америка Кошмо Штаттары сөз жүзүндө же кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө бардык санкцияларды алып салганда жана Иран тарабынан текшерилгенде гана кайтып келет. Бул акыркы жана Ислам Республикасынын кайтарылгыс саясаты жана кызмат орундарынын жалпы белгиси, бардык чиновниктер жана андан эч ким тайбайт”,-деп баса белгиледи.
 Белгилей кетсек, Руханий лидер жана Ирандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы Аятолла Хаменеи Иран армиясынын Аба күчтөрүнүн жана Абадан коргонуунун командалык курамы менен Ислам Ынкылабынын жылдыгынын алдында жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда ал, 1979-жылдын 10-февралында болгон окуяны (Ислам Ынкылабын)  Аллахтын күнү деп атап, мындай деп кошумчалады: “Армиянын маанилүү бир бөлүгү Имам Хомейниге (А.Р.Б) жана карапайым элге кошулуп кетүүлөрү бир керемет болгон, анткени ал убактын диктатордук режиминин негизги таянычы өз армиясын менен чалгындоо кызматына эле”
Руханий лидер, АКШнын Иран боюнча туура эмес элестетүүлөрүн жана дагы деле болсо иран улуту жөнүндө туура көз-карашка ээ эмес экендигин баса белгилеп, мындай деп кошумчалады: “Бул туура эмес элестетүүнүн мисалы; АКШнын демократ президенти 2009-жылдагы өлкөгө каршы жасаган провокациясы. Ал Иранда баары аяктады деген ойдо, козголоңду расмий түрдө колдоду.”
Аятолла Хаменеи Ирандагы өкмөттү кулатууга багытталган буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды АКШнын туура эмес эсептөөлөрүнүн дагы бир мисалы катары белгилеп, мындай деди: “Ошол эле биринчи класстагы акмактардын бири эки жыл мурун биз жаңы 2019-жылды Тегеранда белгилейбиз деп айткан. Эми бул адам тарыхтын таштанды челегине ташталды жана аны ызы-чуу менен Ак үйдөн кууп чыгышты. Ал эми, Иран Ислам Республикасы, Кудайга шүгүр, дагы деле болсо өзүнүн абройлуу ордунда “.
Эске салсак, быйыл Иран Ислам Ынкылабынын жеңишинин 42 жылдыгы өткөрүлөт. Иран Ислам Ынкылабы 1979-жылы 10-февралда ошол учурдун шах режиминин кулатылышы менен ынкылабдын негиздөөчүсү имам Хомейнинин (А.Р.Б) демилгеси жана Иран элинин колдоосу менен ийгиликтүү жеңишке жетишкен.

Комментарий жиберүү