Багдад аэропортуна ракеталык чабуул жасалды

Кечээ, 28-январда Ирактын борбор шаары Багдаддагы эл аралык аэропортуна карай ракеталык чабуул жасалды.

Бул тууралуу РИА Новости Ирактын коопсуздук органдарындагы булакка таянып билдирди.

Чабуул эртең менен болуп, аэропортко кеминде алты ракета атылган. Алардын баары абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлүп, учуп-конуу тилкесине жакын жерге кулап түшкөн.

Атылган ракеталардын натыйжасында аэропортто токтоп турган учак жабыркаган.

Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде Ирактын эл аралык аэропортуна жасалган кол салууну айыптап, аны “Иракты туруксуздаштыруу аракети” катары мүнөздөдү.

Комментарий жиберүү