Байден: АКШ Иранга каршы санкцияларды албайт

АКШ президенти өз өлкөсү Иран биргелешкен комплекстүү иш-чаралар планы боюнча сүйлөшүүлөргө кайтып келиши үчүн бул өлкөгө каршы киргизилген санкцияларды алып салбай тургандыгын билдирди.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Жо Байден CBS телеканалына берген маегинде: “АКШ Иранды өзөктүк программасы боюнча ар тараптуу биргелешкен комплекстүү иш-чаралар планынын сүйлөшүү столуна кайтаруу үчүн санкцияларды жокко чыгарбайт”, – деди.
Ал “АКШ Тегеранды кайрадан өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөргө алып келүү үчүн биринчи кадамды жасап, Иранга каршы санкцияларды алып салабы?” деген суроого “Жок”, – деп жооп берди.
Ошондой эле, АКШ президенти  алгач Иран уран байытуудан баш тартышы керектигин билдирди.
Буга чейин Ирандын Жогорку лидери Аятолла Хаменеи өзөктүк келишимге кайтып келүү тууралуу билдирүүсүндө “Шарт коюуга укугу бар тарап Иран. Себеби Ислам Республикасы бардык милдеттенмелерин аткарды. Келишимдин уланышына шарт коюуга укугубуз бар жана биз бул шартты коюп, эч ким андан чыкпайт деп айтканбыз. Эгер алар Иран өз милдеттенмелерине кайтып келишин каалашса, анда АКШ иш жүзүндө санкцияларды толугу менен алып салышы керек жана андан кийин биз текшерип, санкциялардын алынып салынгандыгын көрөбүз, андан кийин акыркы милдеттенмелерге кайтып келебиз”, – деп баса белигелген эле.

Комментарий жиберүү