Байден армян геноцидин таанууга ниеттенүүдө

Жо Байден армян геноцидин тааныган АКШнын биринчи президенти болот.

AFP агенттигинин маалыматына ылайык, америкалык саясат таануучу Ян БремерЖо Байден 1915-жылдагы армян геноцидин тааныйын деген ниети бар экенин Ак үйдөн укканын GZERO Media га билдирди.
Бремер АКШнын Вице-президенти Камала Харристин 2019-жылдагы Сенаттын армян геноцидин таануу чечиминдеги ролуна токтолуп: “Байден шайлоо өнөктүгү учурунда армян геноцидин, эгерде шайланып калса тааныйм деп убада берди”,- деди.
 Белгилей кетүүчү нерсе, бир нече күн мурун Демократиялык жана Республикалык сенаторлор тобу Байденди армян геноцидин расмий таанууга чакырышкан.
Анда АКШнын 38 сенатору президентке мындай деп кат жазышкан: “Армян коомчулугу менен биргеликте АКШда жана дүйнө жүзүндө армян геноцидинин курмандыктарынын элесине тилектештигибизди билдиребиз. Биз армян элин тукум курут кылууга багытталган уюштурулган жана атайылап жасалган аракеттерди мүнөздөө аракеттерине таптакыр каршыбыз. Өкмөт адам укуктарын урматтоого жана мындай кылмыштар кайталанбоосун камсыз кылууга милдеттүү … Бул резолюциянын негизги бөлүктөрүнүн бири тарыхты таануу болуп саналат.”
Эске салсак, бул кыргын 1915-жылы, Биринчи Дүйнөлүк Согуш мезгилинде башталган. Армяндар курман болгондордун санын болжол менен 1,5 млн. болгонун жарыялашкан.
Ал эми, Түркия аны кескин түрдө четке кагып, бул сан апыртылган жана армяндар менен болгон окуя жарандык согуштун натыйжасы деп эсептейт.

Комментарий жиберүү