Байден мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыю салган чектөөлөрдү алат

АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин өкмөтү өзүнүн ишинин биринчи күнүнөн баштап бир катар мусулман өлкөлөрүнүн, анын ичинде Ирандын жарандарына АКШга кирүүгө тыю салган чектөөлөрдү алып салууну пландаштырууда. 

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Байдендин администрациясы Трамптын администрациясы тарабынан Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө тыю салган чектөөлөр алынарын жарыялады. Байден буга чейин президенттигинин биринчи күнүндө мусулман өлкөлөрүнүн жарандарын АКШга кирүүсүн чектеген жарлыкты жокко чыгарууга убада берген.

Байден шайлоо өнөктүгү учурунда мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салуу моралдык жактан туура эмес экенин жана бул чечим АКШны коопсуз кылды деген бир дагы далил  жок экенин билдирген. Америкадагы укук коргоо уюмдары жана мусулмандар Байдендин Трамп койгон чектөөлөрдү алып салуу чечимин кубатташып, бирок Байден Трамптын акыркы төрт жылда келтирген зыянын калыбына келтире алабы же жокпу деп билдиришкен.

Буга чейин Ак үйдүн аппаратынын башчысы боло турган Рон Клайн АКШнын шайланган президенти Жо Байден кызматка киришкенде биринчи күнү эле ондон ашык аткаруу буйруктарын чыгарууну жана айрым талаштуу мыйзамдар менен буйруктарды жокко чыгарууну пландап жатканын билдирген.

Комментарий жиберүү