Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусу боюнча протоколдорго кол койду

АКШнын президенти Жо Байден Финляндия менен Швециянын НАТОго кабыл алынышын ратификацияган документтерге кол койду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Байден 9-августта документтерге кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Швеция менен Финляндиянын НАТОго кириши үчүн дагы бир маанилүү кадам ташталганын айтты.

Ал бул эки түндүк европалык мамлекеттин НАТОго кириши альянста, Европа жана Кошмо Штаттарда эле эмес, бүткүл дүйнөдө коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чындоо үчүн бурулуш болорун, аталган өлкөлөр “күчтүү, ишенимдүү жана эн жөндөмдүү жаңы өнөктөш” боло аларын билдирди.

Ошондой эле ал  Росиянын президенти Владимир Путинди “Европадагы тынчтыкты жана коопсуздукту бузду” деп айыптап, Москва НАТОну алсыратууга үмүттөнгөнүн билдирди.

“Алар НАТОнун “финляндизациясын” көргүсү келген, анын ордуна НАТО Финляндияга ээ болду”, – деди Байден.

Белгилей кетсек, Финляндия менен Швеция Россия Украинада атайын операцияларды баштагандан кийин, салттуу нейтралитет макамынан баш тартуу менен альянска кирүү чечимин кабыл алышып, 18-майда уюмга мүчөлүккө расмий түрдө арыз беришкен.

АКШнын сенаты 4-августта аталган эки өлкөнүн НАТОго кирүүсү жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Алардын уюмга кабыл алынышы боюнча макулдашууларды ага мүчө 30 мамлекеттин баары жактырышы керек. Тиешелүү чечимди ушул кезге чейин 23 өлкө кабыл алды.

Ал эми Түркия Скандинавиянын эки өлкөсү терроризмге каршы күрөштө конкреттүү кадамдарды жасап, Анкаранын коопсуздук жаатындагы позициясын эске алганда гана арызды жактыра турганын билдирүүдө.

28-июнда НАТОнун саммитинин алкагында Түркия, Финляндия жана Швециянын ортосунда үч тараптуу меморандумга кол коюлуп, андан соң эки өлкөнүн НАТОго кирүү процесси расмий түрдө башталган.

Бирок, түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган аларды “макулдашууну толук аткарбай жатат” деп айыптаган.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо максатында түзүлгөн уюм. Ага алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Түркия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат.

Комментарий жиберүү