Баткенге кол салган тажик армиясынын катарында эларалык террордук уюмдун мүчөсү да болгон

Тажикстандын армиясы Ооганстандагы эл аралык террордук уюм менен байланышта экендиги ачыкка чыкты.

14-18-сентябрь күндөрү Тажикстандын армиясы Кыргызстандын Баткен облусунун аймагына куралдуу кол салуу учурунда Ооганстандагы эл аралык террордук уюмдун да мүчөлөрү болгондугу далилдүү фактылар менен аныкталууда. Мисалы, бул сүрөттөрдөгү Ризвон деген террорчу Парван провинциясында туулуп өскөн жана эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп саналат. Ал талкаланган кыргыз армиясынын танкасынын жанынан өтүп бараткандыгы видео тасмага түшүп калган.

Путин менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты
Ризвондун террорчу экендигин өз өлкөсүнүн бийлиги да тастыктаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 19-сентябрда журналисттер үчүн берген маалымат жыйынында айтты. М. Иманкуловдун айтуусунда, мурда да бир нече ирет кайталанган тажик армиясынын Кыргызстанга согуштук агрессиясында мындай сакалчан жана шектүү, эч кандай ажыратып билүүгө мүмкүн эмес адамдар байкалган эмес.

Белгилей кетүүчү жагдай, Тажикстандын армиясы Лейлек районунун Достук, Арка, Борбордук айылдарына басып кирип, мектеп, жеке туракжай жана башка социалдык имараттарды өрттөп, өз желектерин илген учурда тартылган видеолордон эч кандай айырмалай турган белгиси жок жана сакалчан адамдарды көрүүгө болот. Бул видеолорду да алар өздөрү тартып, социалдык тармактарга жайгаштырган.

Комментарий жиберүү