Баткен: эл төрт бекеттин алынышын түшүндүрүүнү талап кылууда

  Баткен облусттук акимчилигинин алдында бүгүн, 27-сентябрда жергиликтүү жашоочулар чогулушуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер туурасында  кеңири түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

Бул акцияга Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка дагы айылдардын тургундары катышты. Чогулгандар менен Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жолугушту. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу ачык маалымат берүүсүн талап кылышты.

Белгилей кетүүчү жагдай, ушул жылдын 25-сентябрында  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган. 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атоодо.

Комментарий жиберүү