Батыш Африкада күчөгөн террордук кол салуулардан улам 4 жылда 14 миң 500 адамдын каза болгондугу билдирилди.
Батыш Африкада күчөгөн террордук кол салуулардан улам 4 жылда 14 миң 500 адамдын каза болгондугу билдирилди.
Батыш Африка мамлекеттеринин Экономикалык коомчулугунун (ECOWAS) мурдагы комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Касси Броу жана жаңы дайындалган Комиссиянын төрагасы, доктор Омар Алиеу Турай, Нигериянын борбору Абуджада жолугушту.
Броу бул жердеги билдирүүсүндө Батыш Африка өлкөлөрүнүн эң негизги проблемаларынын бири — терроризм экендигин белгиледи.
Аймакта акыркы 4 жылда көбөйгөн террордук кол салуулардан улам 5,5 миллион кишинин жер которгондугун белгилеген Броу кол салууларда кеминде 14 миң 500 кишинин каза болгонун айтты.
Аймактагы коопсуздук көйгөйлөрүнүн акыркы 4 жылда начарлагандыгын белгилеген Броу, жаңы дайындалган комиссар Турайды террордун аймакта жайылышын азайтуу үчүн дагы көп иштерди жасоого чакырды.