Бахрейн Израилдин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тартты

Бахрейн – БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине катышпай, сионисттердин Палестинадагы агрессиясын айыптоодон баш тарткан биринчи араб өлкөсү болду.

Tasnim News агенттигинин  эл аралык тобу билдиргендей, Бахрейн, Израилдин Палестина аймагындагы агрессиясын айыптаган Араб консенсусунан чыккан биринчи араб өлкөсү болду.
Билдирүүгө ылайык, Бахрейн өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин отурумуна, сионисттик режимдин басылып алынган Палестина аймактарындагы агрессиясын айыптоого добуш бербөө үчүн катышкан жок.
Бахрейн жана айрым Европа өлкөлөрү добуш берүүдөн баш тартышкандыгына карабастан, талаштуу пункт БУУнун Женевадагы Адам укуктары боюнча кеңешинде 47 добуштан 32 добуш менен жактырылды.
“Аль-Маядин” Палестинанын булактарына таянып, Бахрейндин позициясы Палестина элинин кыжырына тийди деп билдирди.
Эске салсак, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары менен бирге, Ак үйдөгү өкүлдөрүнүн катышуусунда 2020-жылдын 15-сентябрында сионисттик режим менен мамилелерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол койгон.

Комментарий жиберүү