Берлинде ири аквариум жарылып, 1500дөй балык өлдү. Видео

 Берлинде Александрплац аянтына жакын жерде жайгашкан “Dom Aquaree” мейманканасынын фойесин кооздоп турган, бийиктиги 16 метр, диаметри 11,5 метрди түзгөн аквариум жарылды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар Bild гезитине шилтеме берип жазышты.

Басылманын маалыматына караганда, аквариумдан миллион литр суу төгүлүп, айрым терезе-эшиктерди талкалап, жер төлөлөрдү каптап, көчөгө чейин агып чыккан. Ал эми анда жашаган кымбат баалуу жүздөн ашык түрдөгү 1,5 миңдей балык өлүп, эки адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилген.

Полиция аквариумдагы суу Карл-Либкнехт-Штрассе көчөсүндө селдей болуп акканын билдирди. Окуя болгон жерде 100гө чукул өзгөчө кырдаалдар кызматкери иш алып барып, жер астындагы унаа токтотуучу жайдын зыянга учурагандыгын текшерип жатышканы маалымдалды.

Аквариумдун жарылганына эмне себеп болгону такталууда. Адистердин айтымында, аквариум материалынын эскиргенинен жарылган болушу мүмкүн. Маалыматка караганда, аквариумду эки жарым жылга созулган оңдоо иштеринен кйиин, быйыл жайында ачылган. Аны реконструкциялоого 2 миллион 600 миң евро кеткен.

Комментарий жиберүү