Бириккен Араб Эмираттарынын президенти каза болду

Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян 73 жашында каза болду. Бул тууралуу эмираттардын WAM маалымат агенттиги Президенттин иштери боюнча министрликке таянуу менен кабарлады.

Президенттин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды. Министрликтерде, мекемелерде жана жеке секторлордо 13-майдан тартып үч күнгө иш токтотулду.

Халифа бен Заид Аль Нахайян мамлекеттин башчысы кызматын 2004-жылдан бери аркалап келген. Ага чейин өлкөнү анын атасы Заид Аль Нахайян башкарган. 1971-жылдан 2004-жылга чейин лидерлик кызматты ээлеген Заид Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү болуп саналат.

Forbes журналынын эсеби боюнча, экинчи президент Халифа бен Заид Аль Нахайян 15 миллиард долларлык мүлккө ээ болуп, дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктаган. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жалпы дөөлөтү 150 миллиард долларга жеткен.

Араб жарым аралындагы мурдагы жети эмират 1971-1972-жылдары Бириккен Араб Эмираттары аттуу мамлекет түзүп, көз карандысыздык жарыялаган. Анын президенттик кызматы Абу-Дабинин эмирине тиешелүү болуп, алар бул кызматты атадан балага мурас катары өткөрөт.

Халифа бен Заид Аль Нахайян 2014-жылы инсульт болгондон кийин өлкөнү иш-жүзүндө анын бир тууганы Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян башкарып турган. 13-майдан тартып президенттик милдетти премьер-министр Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум аткара баштады. 

Комментарий жиберүү