Биринчи жолу кара терилүү генерал АКШнын Коргоо министри болду

АКШ сенаты президент Жо Байдендин сунушу менен Коргоо министри кызматына афроамерикалык Ллойд Остиндин талапкерлигин жактырды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Остин АКШнын коргоо министри болгон биринчи афроамерикалык болуп калды. Төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ болгон Остин 93 макул, эки каршы добуш менен Коргоо министри болуп дайындалды. Ллойд Остин 2013-2016-жылдары АКШ армиясынын Борбордук командачылыгын жетектеген.

Ал Барак Обама президент болуп турганда Жо Байден менен көп иштешкен. Ал буга чейин штаб башчыларынын биргелешкен комитетинде иштеген, ошондой эле АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Ирактагы акыркы командачысы болгон.

Комментарий жиберүү