Бишкеке Astra Zeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келди

Тышкы иштер министрлиги кечээ, 16-июлда Бакудан Бишкекке COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасы келгенин маалымдады.

Манас эл аралык аэропортунда Бакудан Кыргызстанга 40 миң доза AstraZeneca вакцинасы жүктөлгөн гуманитардык жардамды алып келген учакты КР тышкы иштер министринин Азизбек Мадмаров жана Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев тосуп алышты.

Бул гуманитардык жардам боюнча келишим 2021-жылы 1-3-июлда келишим КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжан Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында жетишилген.

Учурдагы оор эпидемиологиялык кырдаалда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жана колдоо үчүн кыргыз тарап Азербайжанга ыраазычылык билдирди.

Экерте кетсек, өткөн жылы апрелде Азербайжан Кыргызстанга 64 тонна медициналык жана антисептикалык каражаттарды берген.

Белгилей кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаров тийиштүү тармактарга эмдөө иштерин тездетүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Кыргызтанда мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирилген.

Комментарий жиберүү