Бишкекке газ менен иштеген 350 автобус келет

Автобустардын биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 2021-жылдын 1-июлуна чейин чыгарылат.

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.                         Бүгүн,11- майда борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы өттү.

Меморандумга шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Э.Ункуев жана «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасынын директору К.Усубаматов кол коюшту.

Ага ылайык, «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасы бир жыл аралыгында борбордук каттамга Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жапон ISUZU маркасындагы 350 экологиялык, газ жана күйүүчү майы менен иштеген автобустарын жеткирүүнү милдеттенет.

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын экологиясын жана таза абасын сактап калуу маанилүү экенин айтып, буга байланыштуу коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүн алуу артыкчылыктуу экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2022-2023-жылдар аралыгында «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасы газ жана май менен жүрүүчү экологиялык автобустардын санын 1000 даанага жеткирүүнү пландаштырууда, анын ичинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9, 10, 12 метрлик автобустар бар.

Комментарий жиберүү