Бишкекте бийиктиги 65 метр болгон мунара курулушу мүмкүн

Мунара ак түстө болуп, айрым бөлүктөрү алтын жана күмүш менен капталат.

Борбор калаанын түштүк тарабында бийиктиги 65 метр болгон «Бишкек Тауэр» мунарасы пайда болушу мүмкүн.

Долбоордун эскизин «Бишкекбашкыархитектура» муниципиалдык ишканасы жарыялады.

Архитекторлордун ою боюнча, имарат жөнөкөй геометриялык фигуралардан жана сызыктардан турат.

Анда кафе жана башка объекттер болот. Мунаранын бийиктиги 65 метрди түзөт.

«Бишкек Тауэр» ак түстө болуп, айрым бөлүктөрү алтын жана күмүш менен капталат.

Комментарий жиберүү