Бишкекте 1-декабрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салууну 2022-жылдын 1-декабрына чейин узартты.

Маалыматка караганда, 1-сентябрдан баштап Биринчи Май райондук администрациясынын Россия элчилигинин жанында, Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин, Президенттик администрациянын имараттарынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанында тынчтык митингдерин өткөрүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Сот мындай чектөө мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок экенин белгиледи. Башка митингдер жана акциялар Максим Горький аянтындагы аянтчада өтүшү керек.

Мурдагыдай эле “Ала-Тоо” аянтында, Жогорку Кеңештин, өкмөт үйүнүн, УКМКнын имаратынын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акцияларды өткөрүүгө болбойт.

Митингдер Максим Горький атындагы сейил бакта гана өткөрүлүшү керек.

Эске салсак, алгач Бишкектеги айрым жерлерде ар кыл акцияларды өткөрүүгө быйылкы жылдын апрель айында тыюу салынган. Анда бул мөөнөт 1-сентябрга чейин деп белгиленген.

Комментарий жиберүү