Бишкекте COVID-19га байланыштуу 15 мектеп жабылды

Окуучулар арасында коронавирус жуктургандар көбөйдү.

БИШКЕК, 22-апрель — Eurasia Today. Бишкек шаарында 15 мектеп карантинге жабылды. Акыркы эки күндө коронавирус менен ооруган окуучулар жана мугалимдер көбөйүп кеткен. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билим берүүнү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова билдирди.

Г. Акматованын билдирүүсүнө караганда, карантинге жабылган 15 мектеп толук онлайн-режиминде окутууга өткөн. Шаардын мектептеринде салттуу режимде окуп жаткан окуучулардын ата-энелеринин арызынан улам 1 607  үйдөн окуп жатышат.

Ошондой эле ал акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети 45 окуучудан жана 24 мугалимден аныкталганын билдирди.

Буга чейин, Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырышпай турганын, мындай  чечим коронавирус инфекциясына байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынганын билдирген.

Маалыматка ылайык, атайын предметтик комиссия түзүлүп, алар окуучулардын бир жыл аралыгындагы жетишкендиктерин карап чыгат жана чейректердин жыйынтыгы менен экзамендик баалар коюлат.

Комментарий жиберүү