Боорду кантип тазаласа болот?

Боор – адамдын эң маанилүү органы, ал ашыкча дарыларды колдонуудан, майлуу тамактарды көп жеш, аз кыймылдоо жана экологиянын начардыгынан организмдеги биринчи сокку ала турган  орган.

Анткени, бардык нерсе боор аркылуу кетет, боордун негизги милдети – токсиндерди чыпкалоо.
 Бүт организмдин зат алмашуу процесстери ушул органдын ден-соолугуна байланыштуу. Ошондуктан, боордун абалын байкап, мезгил-мезгили менен детоксикациядан өткөрүү өтө маанилүү.
 Үй шартында жасала турган бул жөнөкөй рецепт боорду токсиндерден  тез арылтат.
Айыктыруучу суусундук “Изумруд” деп аталат, бул табигый каражат боорду гана эмес, ошондой эле ичегини токсиндерден тазалоого жардам берет.
Керектелүүчү азыктар: 150 г жаңы капуста, 1 лимондун ширеси, 25 г сельдерей сабагы, 1 алмурут,  имбирдин тамыры (2 см), 500 мл газсыз суу, бир нече жаңы жалбыз жалбырактары.
Даярдоо: 1. Капустаны, алмурутту, сельдерейди, имбирди майдалап туурап, бир стакан суу куюп блендер менен айлантып, аралашманы пюре кылып алыңыз.
2. Лимон ширесин, жалбыз жалбырактарын кошуңуз. Блендерди бир нече секундага кайрадан айлантыңыз. Суусундук даяр!
Аны күнүнө эки маал ичүү керек: эртең менен жана кечинде.
 Боордун көйгөйлөрүнүн алдын алуу оңой экендигин эсиңизден чыгарбаңыз: ден-соолукка зыяндуу тамактарды колдонууну чектөөгө аракет кылыңыз, ден-соолугуңузду кийинки жылдарга чейин сактап калуу үчүн көбүрөөк кыймылдаңыз. Дагы таза суу көбүрөөк ичкиле!

Комментарий жиберүү