Борбор Азия дрондор менен куралданууда. Ким кайдан сатып алууда?

 Борбор Азия өлкөлөрү дрондор менен куралданууда. Мындай бааны Түркиянын Fikir Turu аналитикалык борборунун адистери беришүүдө.

Алардын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнө дрондорду жеткирүүчүлөрдүн арасында Түркия алдыда. Андан кийин Россия, Иран, Кытай, АКШ, Израиль жана Италия турат.

Азыркы тапта Түркия Түркмөнстан менен Кыргызстанга учкучсуз учактарды жеткирди, кийинки кезекте Казакстан турат. Түрк учкучсуз учактарын аймактагы өлкөлөрдөн биринчилерден болуп Түркмөнстан алган.

Түркмөнстан

2021-жылдын сентябрь айында Ашхабадда республиканын 30 жылдыгына арналган парадда түркиялык “Bayraktar” ​​учкучсуз учактары көрсөтүлгөнү кабарланган.

Адистердин эсеби боюнча, Түркмөнстан аскердик кубаттуулугу жогору мамлекеттерге кирбесе да аймактагы эң күчтүү учкучсуз флотко ээ.

Кыргызстан

2021-жылдын октябрында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев республика Түркиядан “Bayraktar TB2 SIHA” согуштук учкучсуз учуучу учак сатып алганын биринчи жолу билдирген. Ал кыргызстандык аскер кызматкерлери Түркияда  окуудан өтүп жатышканын айткан.

Бирок кыргыз бийлиги түрк дрондорунан тышкары Россиядан “Орлан 10Е” чалгындоочу учкучсуз учактарды сатып алат. Ошондой эле чалгындоочу жана кытайлыктар да бар. Алардын бири республиканын Эгемендүүлүк күнүнүн мааракелик аскердик парадында көрсөтүлгөн.

Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттерден биринчи болуп түркиялык учкучсуз учактарды сатып алары белгиленген. Өлкөдө Россиянын “Кант” авиабазасы жайгашкан.

Республика аларды биринчи жолу Тажикстан менен болгон чек ара чатагында колдонууга жетишти. Бүгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрү “Байрактар TB2 SIHA” дронунан тышкары түркиялык учкучсуз учактардын дагы эки түрү менен куралданганы жатат: “Акынджы” (AKINCI) жана “Аксунгур”.

13-сентябрда Кыргызстандын президенти, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачкан. Өлкө бийлиги ошондой эле өздөрүнүн учкучсуз учактарды чыгарууну баштоо ниетин билдирди. Ал тургай республика биринчи жолу кыргызстандык инженерлер тарабынан иштелип чыккан SAARA-02 үлгүсүндөгү аскердик учкучсуз учакты чогултканын жарыялады.

Казакстан

Түркия жакынкы убакта ANKA учкучсуз учактарын Казакстандын Аскердик Аба күчтөрүнө жеткирет. Казакстандын 2023-жылга чейин Түркиядан үч учкучсуз учуучу аппаратты ала турганы белгиленди.

Түркиянын Anadolu агенттигинин маалыматы боюнча, келишимге “Казспецэкспорт” ишканасы (Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин атынан) жана өндүрүүчү ANKA – түрк авиакосмостук компаниясы Türk Havacılık ve Uzay Sanayi AŞ (TUSAŞ) кол коюшту.

Келишимге ылайык, Казакстандын Аскердик аба күчтөрү 2023-жылга чейин 3 ANKA дрондорун, 2 жердеги база, ошондой эле логистикалык колдоо пакетин (техникалык документтер, окуу жана запастык бөлүктөр) алат.

Казакстан россиядан дагы Су-30СМ учактарын, Ми-35М тик учактарын, “Бук-М2Э” зениттик-ракеталык комплекстерин, БТР-80 жана БТР-82А сатып алат.

Тажикстан

Ал эми Тажикстан болсо Душанбеде ирандык учкучсуз учактарды чыгарган завод ачты.

Анкара өзүнүн “Bayraktar” дронун Тажикстанга да жеткиргени тууралуу маалыматтар чыккан.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын апрель айында Түркия Тажикстанга “Bayraktar” ​​учкучсуз учактарын жеткирип жатканын ырастаган.

Буга чейин Жогорку Кенештин депутаты Мирлан Самойкожо Тышкы иштер министрлигинен бул маалыматтын чын-төгүнүн тактоону суранган.

“Түркия Bayraktar дронун Тажикстанга жөнөткөнү чын. Буга чейин биз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөр чечиле электигине байланыштуу түрк тараптан бул маселеде этият болушун өтүнгөнбүз”, – деген Кулубаев.

Ошол эле учурда Ирандын Коргоону күчтөрүнүн кол башчысы, генерал-майор Мохаммад Багери Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү учурунд ирандык “Ababil 2” учкучсуз учуучу учактары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жаңжалда колдонулбай турганын билдирген.

Ирандык генерал “Ababil 2” дрону чалгындоочу учак экенин жана курал-жарак жана чабуулчу куралдар менен жабдылган эместигин билдирген.

Мындан тышкары, Тажикстанга учкучсуз учактарды жеткирүү ниетин АКШда билдирди.

Вашингтон жакынкы эки жылда Тажикстанга коопсуздук үчүн 60 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу 2022-жылдын май айында АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм 10-майда Душанбедеги маалымат жыйынында билдирген.

Ошондой эле Тажикстандын Россия менен коопсуздук жана республиканын куралдуу күчтөрүн курал-жарак менен камсыз кылуу маселелеринде тыгыз кызматташарын белгилей кетүү керек.

2021-жылдын февраль айында эле Россия Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнө 40тан ашык инженердик жана атайын техникаларды белекке берди. Мындан тышкары, Россия менен Тажикстан биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө.

Өзбекстан

Өзбекстан болсо аскердик учкучсуз учактарды ​​азырынча Россиядан гана сатып алууда. 2021-жылы Москва “Орлан-10Е” учкучсуз учагы менен көп функциялуу комплекстерди жеткирген.

2019-жылы Өзбекстан кайра куралданып, Россиядан курал-жарак сатып ала баштаган.

Ташкен ирандык учкучсуз учактарды өз өлкөсүндө чогултуп жатат деген да кептер тараган. Бирок Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалыматтарды жалган экенин билдирген.

“Өзбекстан Иран Ислам Республикасы менен аскердик-техникалык чөйрөдө кызматташпаганын жана Ирандын аскердик техникасын өз аймагында чогултпай турганын билдиребиз. Ошол эле учурда украин тараптан же башка чет элдик өнөктөштөрдөн “ирандык учкучсуз учактарды чогултуу” деп аталган маселе боюнча расмий кайрылуулар түшкөн жок”, – деп билдирген өзбек ТИМи.

Мындан тышкары, 2022-жылдын февралында Ташкент америкалык “AeroVironment” компаниясынан “Puma 3AE” жеңил чалгындоочу учкучсуз учактарды сатып алары белгилүү болгон.

АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 8,54 миллион долларлык келишим боюнча жумуштар 2022-жылдын 30-ноябрына чейин бүткөрүлөт.

Пентагон келишим боюнча канча “Puma 3AE” учкучсуз учагы жеткирилерин ачыктаган жок. “Shephard Defence Insight” уюмунун маалыматы боюнча, мындай дрондордун бири 225 миң долларга жакын турат. Демек, Өзбекстанга 38ге жакын учкучсуз учуучу аппараттар жеткирилет.

Өзбекстан Борбор Азияда биринчи болуп учкучсуз учуучу аппараттарды чыгара баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Комитеттин алдында учкучсуз учуучу системалардын илимий-өндүрүштүк борбору түзүлгөн. Борбордо эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга толук жооп берген “Лочин” учкучсуз учуучу аппараттарын чыгаруу башталган. Дрондорду аскердик да, жарандык да максаттарда колдонсо болот.

Түрк талдоочуларынын айтымында, Тажикстандан башка аймактагы бардык өлкөлөр өздөрүнүн учкучсуз учуучу аппараттарын өнүктүрүү жолунда.

Комментарий жиберүү