Борбор Азия өлкөлөрүндө экстремисттик-террордук коркунуч дагы эле күч

Борбор Азия аймагында, анын ичинде Кыргызстанда экстремисттик-террордук коркунуч жоголо элек.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Борбор Азия чөлкөмүндө экстремисттик жана террордук коркунучтун даражасы ашкере жогорулагандыгын акыры шардана кылды.  Аталган мамлекеттик мекеме эл аралык экстремисттик жана террорчул уюмдар аймактагы өлкөлөрдүн ички чыр—чатактарына деле абдан батыл жана дагы өтө эле активдүү аралашууга умтулуп жатышкандыгын танган жок. Расмий маалыматка караганда, согуштан башы чыкпаган Ооганстандын түндүк провинцияларында топтолгон түрдүү мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр жана эл аралык террордук уюмдар позицияларын ого бетер бекемдешип, андан ары жаңы жана абдан ишенчиликтүү таянычтарды курууну көздөп жатышкан чагы.

«Экстремисттердин жана террорчулардын максаты – аймакта халифат орнотуу»

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы башкармалыгынын өкүлү Манас Аманбаев «Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы жана «Ислам мамлекети – Хорасан» (Кыргызстанда тыюу салынган) өңдөнгөн экстремисттик уюмдар Борбор Азия өлкөлөрүндөгү уктап жатышкан жашыруун уюкчаларга эми түздөн-түз таасир этип жатышкандыгын ачыктады.

— Кыргызстанда тыюу салынган эл аралык 20 экстремисттик-террордук уюм жана бир секта бар. Ошолордун ичинен өтө активдүүсү жана Борбор Азияга өтө олуттуу коркунуч туудуруп жатканы — «Талибан» кыймылы. Буга атаандаш «Ислам мамлекети-Хорасан» экстремисттик уюму дагы бар. Оооганстан тарапта жүрүп жаткан каршылашуу жана кандуу окуялар биздин мамлекетибиздин дагы бүтүндүгүнө, ошондой эле коопсуздугуна чындап коркунуч жаратышы толук ыктымал. Бизге чектеш Өзбекстанда жана Тажикстанда жүз берип жаткан соңку окуяларды көрүп жатпайсыздарбы. Экстремисттик-террордук уюмдардын жалпы идеологиясы — Борбор Азиядагы светтик принцип менен жашап жатышкан мамлекеттердин конституциялык түзүмүнө ачыктан ачык каршы чыгуу. Алардын негизги мүдөөсү — бул аймакта Халифат орнотуу, — дейт ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы башкармалыгынын өкүлү Манас Аманбаев.

Сөз арасында  М. Аманбаев өлкөбүздө экстремисттик—террордук уюмдардын канча мүчөсү бар экендиги  туурасында так маалыматты айткан жок. Бирок, мамлекетибизде тыюу салынган 21 уюмдун бардыгынын мүчөлөрү бар экендигин гана баса белгиледи.

Айтмакчы, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Термез шаарына беш ракета атылгандыгы кабарланган. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги «Дүрмөттөр жарылган эмес! Андыктан, курмандыктар жана кыйроолор жок!» деп жар салды. «Талибан» жетектеген Өкмөт акыркы сааттарда Ооганстандын аймагынан Өзбекстанды аткылагандарды кармашып, жазага тартышкан жайы бар.

Ал эми ушул жылдын 18-апрелинде социалдык тармактарда Ооганстандан Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы аскердик жайларга он ракета атылганы туурасында дагы маалыматтар кеңири тараган. Бирок, анда дагы расмий Ташкент окуяны ырастаган эмес.

«Америка добушу» үналгысы Ооганстандагы «Ислам мамлекети-Хорасан» экстремисттик уюму Өзбекстандын Термез шаарындагы аскер базасын көздөй он ракета учургандыгын билдирген. Чындыгында «Ислам мамлекети-Хорасан» радикал тобу Ооганстандын бийлигине талибдер келгенден кийин  чабуулдарын ого бетер күчөттү. Бул уюм башынан эле «Талибан» кыймылына каршы чыгып келатат.

«Ооганстандан экстремизм, терроризм экспорттолуп жатат»

Ал эми УКМК төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков «Талибан» кыймылы бийликке келген Ооганстандан чет өлкөлөргө экстремизм-терроризм экспорттолуп жаткандыгын моюндады:

— Ачыгын айтканда,  Ооганстандан экстремизм жана терроризм экспорттолуп жатат. Анткени, азыр жаңы технологиялар аркылуу байланыш мүмкүнчүлүгү кеңейбедиби. Ошондуктан, булардын келечектеги максаты – Борбор Азияда Ооганстан өңдөнгөн Ислам мамлекетин куруу үчүн тымызын аракет көрүшү толук ыктымал. Демек, бул өңүттө Борбор Азияга коркунуч бар десем жаңылышпаймын. Эгерде бирдиктүү күч аларга туруштук берип турса, алар агрессивдүү кол салгандан чочулап турушат. Бирок, алар 20 жыл АКШ баштаган чоң коалиция менен тынымсыз согушкандыгын биз унутууга акыбыз жок!

Ошондуктан, Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы башкармалыгы экстремисттик-террористтик уюмдардын ишине бөгөт коюу боюнча иш жүрүп жаткандыгын, жакында эле Айт намазы маалында терракт уюштурууну максаттаган адамдар алардын бири экендигин кошумчалады. Буга улай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери дагы ушул жылдын 7-июлунда Бишкектеги Айт намазы маалында теракт уюштурууну көздөгөн эки чет элдик жаранды кармагандыгын эми гана ачыктады. Маалыматка таянсак,  кармалгандар эл аралык террордук уюмга тиешеси бар жана Сириядан жасалма паспорт менен учуп келишкен. Атайын кызмат алар менен байланышы бар Кыргызстандын жарандары дагы кармалгандыгын билдирип, бирок, булардын ачык санын такыр айткан жок.

«Эми диний кырдаал дайыма турукташпайт!»

Анткен менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аналитика бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Абакиров Кыргызстанда кооптонууга негиз жок деген пикирде:

— Аябай кооптоно турган деле нерсе жок! Бирок, ошентсе дагы, диний кырдаал бардык эле мамлекетте дайыма туруктуу болбойт. Бул жааттагы туруктуулук 20-30 жыл бою турат деп эч ким кепилдик дагы бере албайт. Анткени, абал дайыма өзгөрүп турат. Биз сот тыюу салган уюмдар жөнүндө укук коргоо органдарына байма-бай маалымат берип турабыз. Көп маалыматты ачык айтканга дегеле болбойт. Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылтуусуна жол бербөө, адам укугун, эркиндигин жана өлкөбүздүн конституциялык түзүлүшүн сактап калуу максатында «Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыккан. Долбоор коомдук талкуудан өтүп, ар кыл сунуш-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Ошентип, Кыргызстанда ушул тапта 21 уюм деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, өлкө аймагында булардын туруктуу ишмердүүлүгүнө сот аркылуу таптакыр тыюу салган. Алардын катарында «Хизб ут—Тахрир», «Йакын Инкар» жана ушул өңдөнгөн башка уюмдар бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,

Ош шаары.

Комментарий жиберүү