Бордош Казакстан эли Кыргызстанга кезектеги гумжардамын жиберди

Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, жардамдын биринчи партиясында 4,5 миң тоннага жакын буудай уну өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, гумжардам камтыган жүк 75 вагон менен темир жол аркылуу жеткирилген.

Элчилик Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев боордош кыргыз элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечкенин эске салды. Бериле турган гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 10 миң тонна унду түзөт.

Эске салсак, Казакстан Кыргызстанга буга чейин гуманитардык жардам көрсөткөн жана көрсөтүүдө. 2020-жылдын май айында Кыргызстанга 5000 тонна  ун түрүндө гуманитардык жардам келген.

Ал эми пандемия учурунда, 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстанга 400 дем алдыруучу жана 2 миллион медициналык маска өлчөмүндөгү дагы бир гуманитардык жардам келген.

Комментарий жиберүү