Бразилияда нөшөрлөгөн жаан 104 кишинин өмүрүн алды

Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатындагы Петрополис шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам каза болгондордун саны 104кө жетти, алардын 8и балдар экенин G1 порталы билдирди.

Буга чейин 94 киши каза болгону кабарланган.

Табигый кырсыктан 50дөн ашык турак-жай кыйраган.

Буга чейин жарандык коргонуу кызматтары 24 адамды куткарып калууга жетишкени маалымдалган. Дагы 35 адам дайынсыз болдон калууда.

15-январда нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан жер көчкү жаралып, суу ташкындаган.

Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудиу Каштру шаршемби күнү жабыркаган аймакка барган. Буга чейин ал маалымат жыйынында аймакка жааган жамгыр “1932-жылдан берки эң катуу жаан” болгонун айткан.

Комментарий жиберүү