Британияда COVID-19дун лабораторияда жасалгандыгы жөнүндө далилдер табылды

Британиялык профессор Ангус Далглиш менен норвегиялык вирусолог Биргер Соренсен коронавирустун жасалма жол менен келип чыккандыгы жөнүндө далилдери бар экендигин билдиришти.

Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Адистердин айтымында, кытайлык окумуштуулары SARS-CoV-2ни Ухань лабораториясында иштеп чыгышкан. Андан кийин алар бардык далилдер вирус табигый түрдө пайда болгонун көрсөтө тургандай кылып “из жашырууга” аракет жасашкан, деп айтылат изилдөөдө.

Далглиш менен Соренсен 2002-2019-жылдар аралыгында Ухань шаарында окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн эксперименттерге анализ жасашып, кытай окумуштуулары, анын ичинде америкалык университеттер менен биргеликте SARS-CoV-2 вирусун жаратуу үчүн инструменттерди иштеп чыгышкан деген бүтүмгө келишкен.

Далглиш менен Соренсендин айтымында, ухандык адистер вирус адамдын клеткаларында тез көбөйүп кетиши үчүн аны жугуштуу кылууга аракет кылышкан.

Бул коронавирустун адамдарга тийгизген таасирин жакшыраак түшүнүү үчүн керек болгон.

Изилдөөчүлөр кытайлык окумуштуулар коронавирустун негизин үңкүрдөгү жарганаттардан алышып, андан кийин ага жаңы “тикен” кошуп, аны жугуштуу жана өлүмгө алып келүүчү SARS-CoV-2ге айлантышкан деп эсептейт.  

Коронавирус табигый эмес, жасалма жол менен келип чыкканын далилдеген мүнөздүү белгилердин бири – бул Далглиш менен Соренсен коронавирустун тикенинен тапкан төрт катар болгон аминокислоталар.

Норвегиялык вирусолог бардык аминокислоталардын оң заряды бар экендигин тактады. Бул вирус магнит сыяктуу адам клеткаларынын терс заряддуу бөлүктөрүнө магнит  сыяктуу бекем жабышып калышына мүмкүндүк берет.

“Бирок магниттер сыяктуу эле, оң заряддуу аминокислоталар бири-бирин түртөт, ошондуктан, табигый келип чыккан вирустарда үч аминокислотанын чынжырчасы сейрек кездешет. Ал эми бир катарда төрт катар аминокислотанын болушу – күмөндүү көрүнүш”, – деп жыйынтыктады Биргер Соренсен.

Эске салсак, буга чейин ДССУ коронавирустун келип чыгышын аныктоо үчүн Ухань шаарына  барган  эл аралык эксперттер тобунун отчетунун толук нускасын жарыялаган. Эксперттер SARS-CoV-2нин лабораториядан чыгышы күмөн экенин айтышкан. Алар вирус жарганаттардан адамдарга башка жаныбар аркылуу жуккан деп божомолдошкон.

Ошол эле учурда, АКШ жана башка 13 өлкө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун корутундуларына тынчсыздануусун билдирип, вирустун келип чыгышы боюнча “көз карандысыз иликтөө” жүргүзүү зарыл экенин билдиришкен.

Комментарий жиберүү