Британиялык эксперт: Европа санкциялардын кесепеттери жөнүндө ойлонгон эмес

Европа өлкөлөрү, атап айтканда, Улуу Британия антиорусиялык санкциялардын кесепеттери өздөрүнө тийери жөнүндө ойлонушкан эмес.

Мындай билдирүүнү Улуу Британиялык саясий баяндамачы Энтони Уэббер RT телеканалына берген маегинде билдирди.

“Чындыгында, Европа өлкөлөрү, атап айтканда, Улуу Британия Орусияга каршы санкцияларды киргизип жатканда, бийликтегилер алардын кесепеттери жөнүндө ойлонгон да эмес”, – дейт эксперт.

Анын айтымында, чектөөлөр Европада массалык нааразылык акцияларына алып келди жана мындай кырдаалдын кесепети Батыш өлкөлөрүнүн бийликтерине кысымдын күчөшүнө себеп болот.

“Эми Европа саясатын толугу менен өзгөртүп, Орусияга каршы санкция киргизген мамлекеттер жыйынтыгында “өзүнө да санкция киргизерин” түшүнүшү маанилүү”, – деп баса белгиледи Энтони Уэббер.

Буга чейин The Guardian гезити АКШ жана анын союздаштарынын Орусияга каршы санкциялары Батыш өлкөлөрүнүн тузакка түшүшүнө алып келерин жазган.

24-февралда Орусия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” деп атаган.

Атайын операция башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү биринчи кезекте банк секторуна жана жогорку технологиялык продуктыларды жеткирүүгө Москвага каршы масштабдуу санкцияларды жарыялашкан. Ошондой эле, көптөгөн бренддер өлкөдө ишин токтотушту.

Комментарий жиберүү