Брюсселде бычак менен кол салуу болду

Брюсселдеги бычактуу кол салуудан бир нече адам жаракат алды.

Бул тууралуу Mehr News агенттиги Sputnikке шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, 1-февралда кечке жуук Брюсселдеги метродо бычак кармаган бир адам жүргүнчүлөргө кол салып, жарадар кылган.
Кийинчерээк, полиция кызматы бул окуя теракт болбогонун жана кол салуучу жеке маселеси менен дос кызын бычактаганын билдирген.
Ал эми мурдараак, кол салуудан кеминде 5 адам жабыркаганы маалымдалып, метро жабылганы кабарланган.
Эске салсак, окуя Брюсселдеги Gare de l’Ouest  метросунда болуп, белгисиз бир адам аялды тамакка бычак менен урган жана ал полиция кызматкерлери аркылуу кармалып, зыянсыздандырылган. Учурда жергиликтүү полиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө.

Комментарий жиберүү