БУУнун Башкы Ассамблеясы Орусияга каршы резолюция кабыл алды

БУУнун Башкы Ассамблеясы Украинадагы гуманитардык кырдаал боюнча Орусияга каршы резолюция кабыл алды.

Бул тууралуу “РИА Новости” билдирди.

Резолюцияга 140 мамлекет “макул” болушса, 38и калыс добушун беришкен. Ал эми Беларусь Республикасы, Орусия, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея каршы чыгышты.

Алгач резолюцияны Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алуу пландалып, бирок орус өкүлдөрү вето укугун колдоноорун алдын ала эскертишкен. Жыйынтыгында, Франция менен Мексика Башкы Ассамблеянын алкагында резолюцияга добуш алууну көздөштү.

Кабыл алынган резолюцияда Орусиядан Украинага каршы согуштук аракеттерин дароо токтотуусун талап кылынганы айтылат. Ошондой эле, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2-мартта кабыл алган резолюциясын аткарууга чакырык ташталган.

Саясий пункттардан тышкары текстте таза гуманитардык тезистер да камтылган: жарандарды жана жарандык инфраструктураны, журналисттерди жана медициналык кызматкерлерди коргоо, жарандардын, анын ичинде чет элдиктердин коопсуз өтүшүн камсыз кылуу талабы бар.  Резолюцияга ылайык, Башкы ассамблея тараптардан гуманитардык коопсуздукту камсыз кылууну талап кылып, мыйзам бузууларды айыптаган.

Кечээ, 24-мартта Брюсселде НАТО, «Чоң жети» жана Европа Биримдигинин жолугушуулары өттү.

Жыйын алкагында АКШ президенти Жо Байден Украинага гуманитардык жардам катары кошумча 1 миллиард доллар бөлөрүн билдирди.

Комментарий жиберүү