БУУ адамзат үчүн негизги коркунучтарды атады

Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) эксперттери адамзатка коркунуч туудурган негизги коркунучтарды атады.

Эксперттердин баяндамасы уюмдун сайтында жарыяланды.

БУУ ири токойлордун өрттөнүшүн жана тирүү организмдердин, адамдардын тиричилик активдүүлүгүн бузуучу антропогендик ызы-чууларды адам баласы үчүн негизги коркунучтар деп тапты. Адистер бул кубулуштар жаратылышка жана адамдардын ден соолугуна абдан зыянын тийгизерин билдиришти.

Алар токойдогу өрттөн улам дарактар сыртка бөлүнүп чыккан парник газдарын жутуучулардан анын булагына айланарын, ал эми жалын, күйүктөр сууну булгап, мөңгүлөрдүн эришин шарттай турганын белгилешүүдө.

Ал эми антропогендик ызы-чуулардын кесепети адамда өнөкөт болуп калган чарчоону шарттайт жана уйкуну болуп көрбөгөндөй бузат. Андан улам жүрөк, психикалык оорулар жаралып жана угуу сезими начарлайт.

Адистер, андан сырткары, бул кесепеттерден улам экосистеманын бири-бири менен эриш-аркак болбой каларына токтолгон.

Даниялык илимий журналисти Ларс Хенрик Огор Жердеги жашоонун табигый кооптуу нерсеси супер вулкандар деп билдирген.

Комментарий жиберүү