БУУ дүйнөдөгү эң бактылуу өлкөнү атады

Финляндия бешинчи жолу “World Happiness Report” пректисинин тизмесинде биринчиликти ээледи.

БУУнун дүйнөлүк бакыт боюнча жылдык баяндамасы- World Happiness Report жыл сайын чыгарылып келет.

Дүйнөлүк бакыт боюнча БУУнун биринчи баяндамасы 2012-жылы жарык көргөн. Анда дүйнөнүн 146 өлкөсүндөгү жашоонун узактыгы, социалдык колдоо, коррупция жана башка көрсөткүчтөр эске алынып, калктын бактылуулугу бааланат.

Эң бактылуу өлкөлөрдүн ондугуна ошондой эле Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирди.

Рейтингде мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Литва жана Эстония эң жакшы көрсөткүчтөргө ээ – 34 жана 36-орунда турушат. Ал эми коншу Казакстан 40-орунда, Өзбекстан 53-орунда жана Тажикстан 83-орунда болсо, Кыргызстан 64-орунду ээлеген.

БУУнун маалыматы боюнча эң бактысыз өлкөлөр Ооганстан (рейтингдин акыркы сабы) жана Ливан болду.

Комментарий жиберүү