БУУ: Качкын балдардын саны Экинчи дүйнөлүк согуштан бери рекорддук көрсөткүчкө жетти

2021-жылдын аягына карата дүйнөдө качкын балдардын саны Экинчи Дүйнөлүк Согуштан берки рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Бул тууралуу ЮНИСЕФтин сайты жазды.

Маалыматка караганда, 2021-жылы 36,5 миллион бала үйлөрүн таштап кеткен, анын ичинде 13,7 миллиону качкындар жана баш калкалоого муктаждар.

Ошондой эле 22,8 миллион жашы жете элек балдар өз өлкөсүндө жер которушкан.

БУУ бул отчетуна климат жана экологиялык көйгөйлөрдөн улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон, ошондой эле Украинадагы согуштук аракеттерден жапа чеккен балдарды кошкон эмес.

Фонддун маалыматына караганда, өткөн жылы дүйнөдөгү качкын балдардын саны 2,2 миллионго өскөн.

Буга “кризистердин топтому” анын ичинде Ооганстандагы жаңжал, Конго Демократиялык Республикасындагы жана Йемендеги оор кырдаал себеп болгону айтылат.

БУУнун Балдар фонду туруксуздук сыяктуу эле, балдардын орун которуусу тездик менен өсүп жатканын баса белгилеген.

Буга чейин БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш климаттын өзгөрүшү жана анын кесепеттери адамзаттын дээрлик жарымын коркунучка кептегенин эскертип, 2030-жылга чейин парник газдарынын эмиссиясын 45 пайызга кыскартуу жана кылымдын ортосуна чейин абага чыгарууну толук жабуу зарылдыгын белгилеген.

ЮНИСЕФ буга чейинки отчетунда Украинадан бүгүнкү күнгө чейин согуштун айынан 2 миллион бала чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген.

Аталган фонддун жана БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын маалыматы боюнча, Украинадагы согуштан качкан качкындардын жарымын балдар түзөт. 

Алардын ичинен Польшага 1,1 миллиондон ашык бала, ошондой эле Румыния, Молдова, Венгрия, Словакия жана Чехияга да жүз миңдеген балдар келишкен.

Комментарий жиберүү