БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуу үчүн 105 млн. доллар берет.

Анын ичинен 90 млн. доллары жакырчылыктан чыгуу жана өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун колдоо максатында бөлүнсө, 15 млн. доллар жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого берилет.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экинчи сессиясында жакырчылыктан чыгуу чаралары тууралуу баяндама жасады.

Иш-чара алкагында министр БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы Германиянын, Кытайдын, Орусиянын жана Жапониянын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы 18-ноябрда билдирди.

ЮНИСЕФтин октябрь айындагы баяндамасына ылайык, Кыргызстанда 143 миң адам, анын ичинде 70 миңден ашуун бала жакырчылыкка кептелген. Буга Украинадагы согуш жана күн санап өсүп жаткан инфляция негизги себеп экени айтылган.

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин тартыштыгы 35 млрд. сомго жеткенин, буга салык жана бажы төлөмдөрүнүн аз түшүп жатканы себеп экенин Финансы министрлиги маалымдаган.

Кыргыз өкмөтү соңку он айда бюджетти колдоо үчүн эл аралык донор уюмдардан 180 млн. доллар алганы буга чейин белгилүү болгон.

Комментарий жиберүү