БУУ: Мьянмадагы төңкөрүштө 568 адам өлтүрүлдү

БУУнун басма сөз катчысы Мьянмадагы аскердик төңкөрүш башталгандан бери 568 адам курман болгонун билдирди.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.
БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик 1-февралда башталган Мьянмадагы аскердик төңкөрүштө бери дегенде 568 адам курман болгонун билдирди. Анын айтымында курмандыктардын саны мындан дагы көп болгон болушу мүмкүн.
Стефан Дюжарриктин билдирүүсүнө караганда, Мьянмада акыркы аптанын дем алыш күндөрүндө эле 80ге жакын адам өлтүрүлгөн.
1-февралда Мьянманын аскер күчтөрү “шайлоо бурмалаган” деген шылтоо менен Аун Сан Су Чжи жана башка жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди камакка алып, бийликти өз колуна алганын жарыялаган. Аскердик төңкөрүштөн бери Мьянма эли ар кайсы шаарларда нааразычылык акцияларын өткөрүп, мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин бошотулушун жана аскерлердин чыгып кетишин талап кылышууда.
8-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Су Чжи жетектеген Улуттук демократиялык биримдик партиясы 83 пайыз добуш менен жеңишке жетишкен. БУУнун Мьянмадагы адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы төңкөрүштүн уюштуруучуларын адамзатка каршы кылмыш жасады деп айыптаган.
Буга чейин АКШ өкмөтү жана анын союздаштары демонстранттарды кысымга алганы үчүн Мьянманын армиясынын жана коопсуздук тармагынын айрым жогорку даражалуу кызматкерлерине каршы анкцияларды киргизишкен.

Комментарий жиберүү