БУУ: Ооганстанда катуу ачарчылык болушу мүмкүн

“Талибан” бийликке келгенден кийинки кризистен улам ачкачылыкка кабыла турган оогандардын саны 14 миллионго жеткенин БУУнун Азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизли Reuters агенттигине билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир нече жылдан берки кургакчылыктын, куралдуу чыр-чатактардын жана COVID-19 пандемиясынын айынан экономика алсырап, Ооганстанды катуу “бороон” күтүүдө.
Гуманитардык кыйроонун алдын алуу үчүн БУУга сентябрга карата кеминде 200 миллион доллар керектелет. Бул мезгилде өлкөдө жашоочулар үчүн тамак-аштын запасы түгөнүп, гуманитардык жардамга муктаж оогандыктардын саны эки эсе өсүшү мүмкүн экени боолголонуп жатат.
БУУ Ооганстанга керектүү жардамды АКШ, Катар жана башка Перс булуңундагы өлкөлөр республикалык бюджеттеринин эсебинен бөлүп берет деген үмүт артты.
Эксперттердин айтымында, азыр Ооганстанда жашаган калктын саны 36 миллион киши.
Былтыр ноябрда чет өлкөлөр Ооганстанга гуманитардык жардам катары 4 жыл ичинде 12 млрд. доллар бөлүп берүүнү пландаган. Ошол эле кезде көптөгөн өлкөлөр мындай колдоо Ооганстандагы адам укугун сактоонун абалынан көз каранды экенин кабарлашкан.

Комментарий жиберүү