БУУ сегиз өлкөнү добуш берүү укугунан ажыратты

БУУнун өкүлдөрү 8 мамлекетти уюмдун бюджетине керектүү салым кошпогондугу үчүн Башкы Ассамблеяда добуш берүү укугунан ажыратты.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин тиешелуу катына таянуу менен жазышты.

Алар Иран, Венесуэла, Судан, Антигуа жана Барбуда, Конго, Гвинея, Папуа-Жаңы Гвинея жана Вануату өлкөлөрү.

Уюмдун уставына ылайык, эгерде уюмга мүчө бир мамлекеттин карызы мурунку эки жыл үчүн төлөшү керек болгон төгүмдөрдүн суммасына барабар же андан ашса, анда өлкөнүн добуш берүү укугу токтотулат.

Бирок, эгерде төлөнбөгөн карыз «мүчөлөрдөн көз каранды болбогон шарттардан келип чыккан» деп эсептелсе, ассамблея ал өлкөгө добуш берүүнү улантууга уруксат берет.

2021-жылдын июнь айында төлөнбөгөн карыздарынан улам Иран менен Борбордук Африка Республикасы БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыраган.

Ал эми 2020-жылдын январында мүчөлүк төлөмдөрдү төлөбөгөндүктөн БУУ жети өлкөнү – Венесуэла, Ливан, Борбордук Африка Республикасы, Гамбия, Лесото, Йемен жана Тонгону добуш берүү укугунан ажыраткан.

Ошол эле жылдын февраль айында Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун төлөмдөрүн негизги төлөбөй койгон өлкө АКШ экенин билдирген. Аталган өлкөнүн ошол кездеги карызы 1 миллиард доллардан ашкан. Орусия АКШны эл аралык уюмдун ишин туруксуздаштыруу үчүн атайын төлөмдөрдү төлөбөй жатат деп айыптаган.

Комментарий жиберүү