БУУ: Түндүк Кореядагы ачарчылык өлүм менен коштолушу мүмкүн

Түндүк Кореяда өлүмгө алып келүүчү массалык ачарчылык болушу мүмкүн.

Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Томас Охеа Кинтана билдиргенин чет элдик маалымат каржаттары жазышты.

Ал БУУнун Коопсуздук Кеңешин Түндүк Кореяга каршы санкцияларды жумшартууга чакырды.

Анын айтымында, Түндүк Кореяда эл аралык санкциялардын жана коронавируска карата киргизилген бөгөттөрдүн кесепетинен жаралган азык-түлүктүн тартыштыгы ачарчылыктын курч көйгөйүнө алып келе жатат жана аялуу жаш балдар менен улгайгандар ачарчылык коркунучунун алдында турат.

Томас Охеа Кинтана БУУга кайрылып, кризистин алдын алуу үчүн ал Түндүк Кореянын өзөктүк программасынан улам киргизилген санкцияларды алып салууга чакырды.

Маалыматтарда Түндүк Корея оор экономикалык абалга туш болгону айтылып келет.

Өлкө Covid-19 вирусунун тарашын токтотуу үчүн өз чек араларын жапкан. Натыйжада, Кытай менен соода алакалары кескин солгундап кеткен.

Өлкө лидери Ким Чен Ын Түндүк Корея “өтө оор абалга” туш болгонун мойнуна алган.

АКШ президенти Жо Байдендин жетекчилиги астында өлкө бийлиги Түндүк Корея менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип, бирок санкцияларды алып салуудан мурда Пхенян өзөктүк куралдардан баш тартуусу керек деген талап койду.

Ал эми Түндүк Корея бул сунушту четке кагып, Ким Чен Ын АКШ чыңалууну күчөтүп жатат деп айыптап, мамлекет өзүн-өзү коргоо үчүн курал-жарактарды иштеп чыгара бериши керек экенин билдирген.

Комментарий жиберүү