БУУ: Украинадан 3,5 миллиондон ашык адам чыгып кетти

Украинадан 24-февралдан бери 3 миллион 557 миң 245 киши чыгып кетти.

 Бул тууралуу БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (КЖКБ) сайтында маалымдалды.

БУУнун маалыматы боюнча, Польшага 2,1 миллиондон ашык адам, Венгрияга 317 миңден ашык, Словакияга 253 миң, Орусияга 252 миң, Молдовага 367 миң, Румынияга 543 миң, Беларуска 4308  адам жана Европанын башка өлкөлөрүнө 301 миңден ашуун адам кеткен.

Эске  салсак, Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын 24-февралда баштаган.

Комментарий жиберүү