Бухарадан Иранга алгачкы түз аба каттамдары ачылат

Ирандын Zagros Airlines авиакомпаниясы Мешхед – Бухара – Мешхед биринчи түз аба каттамын ачты.

IA ABNA маалымат порталы билдиргендей, Ирандын Zagros Airlines авиакомпаниясы Мешхед – Бухара – Мешхед биринчи түз аба каттамын 15-мартта баштады.
«Бухоро Халкаро» аэропортунун туризм жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча агенттигинин директорунун орун басары Содик Шүкүров Sputnik Өзбекстанга маалымдагандай, Мешхед-Бухара аба каттамын ачуу келишими февраль айында ирандык делегациянын Бухара облусунун администрациясы менен облустук акимчиликте өткөргөн жолугушуусунда бекитилген. Азырынча тараптар март айына эки каттам боюнча макулдашышкан жана алардын бири 15-мартта, экинчиси 22-мартта болот.
Ал эми аба каттамдар туруктуу негизде жумасына эки жолудан Рамазан айынан кийин иштей баштайт.
Эске салсак, эл аралык жарандык авиация аэропорту ассоциациясы бир нече жолу Бухара аэропортун КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң мыкты аэропорт деп тааныган. Аэропорт 1999-жылы эл аралык статуска ээ болгон. Ошондой эле 2011-жылы ал жерде саатына 400 жүргүнчүгө чейин жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жаңы аэропорт комплекси пайдаланууга берилди. Пандемияга чейин ал жыл сайын 120 миңден ашуун жүргүнчүнү тейлеген, алардын арасында 15 миңден ашуун чет элдик туристтер болгон.

Комментарий жиберүү